Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭЛ КЕНЧИ
Арасат, азар–безер өмүр сүрүп,
ачыгып көөдөй түнгө кулак түрүп,
кыргызым, каның кызып, ызаң ашып
кыйналып канча кылым жашап жүрдүң?

Эр башы канжыгада, кан көөкөрдө
ымыркай туулбай жатып ичтен өлгөн.
Бүлүнүп, үшү кетип, качып–безип,
калк барбы кыргыз өңдүү кордук көргөн?–

Деп ойлойм, көргөн күнү болсо азап,
не керек бу дүйнөдө арсыз жашап?
Жарыкка келди да бир, кетти да бир
кара жер кайгысына сырың катат.

Жашоонун сыноосу да, кыйноосу арбын,
талоонго көп калса да кыргыздарым
күү чертип, "Манас” айтып, бүркүт салып,
байгеге кошуп чыгаан тулпарларын.

(Жашоодо намыс–ары өлгөн жаман).
Өз дилин соолтуп салбай сактап аман
кыргызым көп чабылып, талансаң да
көөдөндө күүң барына сыймыктанам!

Суу токтоп акпай калса балыр басат,
эл дилин өөрчүтпөсө кызыр качат.
Өзгөрүп, өсүп турган бу дүйнөдө
өзүнө бекем улут калат жашап.

Молдоке, күүңдү черт! Балдар уксун,
күү сырын күнүмдүктөн бийик тутсун
Кыргыздын тоосу бийик асманында
калк демин көкөлөткөн улуу кушсуң.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1105 | Рейтинг: 0.0/0