АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. КҮҮНҮ ТЫНШАП
Көңүл канып күүгө келип турамын, кең дүйнөгө ачылгандай кулагым Табияттын таасирине баш ийип таланттагы кудуретти туямын. Мынча бийлик, мынча таасир кылгандай жүрөгүмө ээлик болуп тургандай, айтсаң, айтсаң кандай жөнүң бар эле күткөн жоопту комузуңа ыйгарбай. Сөз коротпой, бурап комуз кулагын кылым аккан күүлөрүңдү уладың. Кыял дүргүп кыяматты унутуп кыбам канып Кыдыр колдоп турамын. Жолум шыдыр жорго минип кеткенсийм, канат бүтүп куштай учуп өткөнсүйм. Агылса күү ал–ансайын демденип ай-ааламдын асманына жеткенсийм. Не деген күч–тазарса адам сезими, көкүрөгүң күүгө келген жетилүү, жашоо деми чуркап кызып кан менен жаралууну өз башыңдан кечирүү!
| |
Просмотров: 978 | |