ОМОР СУЛТАНОВ. АЛТАЙ… АЛТАЙ…
Алтай… Алтай… Манас атам туулган Көк-жашаң жер–көз жашына жуунган. Карып аккан Катын дайра калыс суу Нарын менен эже-сиңди бир тууган. Алтай… Алтай… Манас атам жердеген Ак-Куласы ак жалгашып жел менен. Миң жылдыздай миң жыл өчкөн арада Мен Алтайды көрөм ойго келбеген. Алтай… Алтай… апкаарытат арааның Ай, жылдыздын арасында карааның Ак булутуң аска башын айланган Араң турат айтып ийбей саламын. Алтай… Алтай… алтын сымак табылыш– Мындай кымбат, мындай улуу кабылыш. Журөөр эле атыңды уксам ар дайым Жүрөгүмдө чоочун жылуу сагыныч. Алтай… Алтай мен жоголгон балаңдай Атың сенин сынып бүткөн жарамдай. Мен өзүңдөн акыл сурап келгенсийм Өткөнүмдү кайра кайрып алаардай…
| |
Просмотров: 4471 | |