Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. БЕЙТААНЫШ ДОСУМА
Келбетим сеникинен жупунураак,
Келатсам кызга сенден чукулураак.
Кыйытып кызга бурдуң мындай кебин:
"Кыздардын көзүн бууган жаштык убак”.

Көрүшпөйт акты-көктү таамай карап,
Көрк менен иштери жок атаганат.
Жүрсө да айдай бирөө арман кылып,
Жүдөмүш бир кургурду ээрчип алат.

Мейли дос, чын болсунчу айдайлыгың,
Менин да кызга маалим кандайлыгым.
Бактыма токто, далай суктанарын,
Барында жүрөктөгү сан байлыгын.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 981 | Рейтинг: 0.0/0