Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. СҮЙГӨН КЕСИБИМ
Бүгүн менин кубанычым, жыргалым,
Жаңы баштап жазып жүргөн ырларым.
Кыйла кесип бизге кел деп чакырса
Кылчактадым ыр жазууну кыйбадым,

Мына менин сүйүп алган кесибим,
Элестелген бүт ааламдын ээсимин.
Кыял менен каалашымча кыдырып,
Такылдатам жаңылыктын эшигин.

Уя болуп таза кандуу, жүрөгүм,
Сактап турат жыргалымдын түнөгүн.
Ал уяда чебер чегип чыгарып,
Учургум бар гүл турмуштун чүрөгүн.

Эмгек жайнайт эл арасын карасам
Энчи алууга жаңы толкуп баратам.
Ыраазымын кандай күндө калсам да,
Элим үчүн ыр жазууга жарасам.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1081 | Рейтинг: 0.0/0