БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. “СЕНДИ” УНУТУП КОЮПТУР
Ачуусу келген кезинде Аялын "Сиз” деп урушкан. Атам да билбейт, мен билбейм. Аз болсо керек кыргыздан. А бирок, Музоосун "сиз” деп урушкан Мурда жок эле кыргыздан… Булардын баары иргелип. "Алынса керек турмуштан”. Атайлап мени чакырды Айылдаш өскөн бир курбум. Сыпайы "сиз”, "биз” деп сүйлөйт, Сылыктыгы-ай, кургурдун. Ар дайым анын үйүнө Аксакал келет, жаш келет. Арсылдап үрсө дөбөтү, "Кет” дегендин ордуна, "Кетиңиз” деп тап берет. Короого чоочун уй кирсе, Көргөндө жаны чыдабайт. "Өш” дегендин ордуна, "Өшүңүз” деп кубалайт. Тоогу кирсе үйүнө, "Түт” деп айтуу буга жат. "Түт” дегендин ордуна, "Түтүңүз” деп чыгарат. Көрсө кайран курбалым, Кошоматчн болуптур. Кол куушуруп чоңуна, Коюн, тоогун союптур. "Сен” деп жүрүп дайыма "Сизди” унутуп коюптур.
| |
Просмотров: 1038 | |