Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 04.04.2026

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. ЖАШТАРГА
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

"Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда”.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1810 | Рейтинг: 0.0/0