Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 27.06.2025

МИДИН АЛЫБАЕВ. СААДАТ–КАНДИДАТ
Арыштап, алга шилтеп кадам,
Көбөйсүн билимдүү адам!
Илимдин, техниканын азаматына
Кубанбаганда,
Кантет элек анан?!
Ошондой болсо да,
Кайсы бир "Илимпоздорго”
Таң калам…

Иликтеп билгендер кеп кылат,
Анын илимдерге кандайча
Кандидат болгонун,
Тапкан жолдорун,
Кантип бул атка конгонун.
Жалооруп көзүн карап,
Жумшак тили менен жалап–
Бир "кокуй” профессордун
колдорун,
Ишенбегендер,
Алган темасынан эле болжогун.

Кээ бирөөнүн алган темасы
"Чегирткенин үнү”
Жээ "жарганаттын жүнү”
Ушуларды
"Изүүлдөгөн” имиш күнү-түнү.
Кээ бирөөнүкү,
Жөн эле эчак белгилүү
Иштердин бир түрү.

Андайлардын максаты
Эптеп эле кандидаттыка илинсе.
(Темасынын байланышы
Болсо дагы, болбосо да илимге).
Кээ бирөө мындай деп жазат:
"Төкөлдөштөрдүн тили
Кыргыз тилинде”
Бирок,
"Музоо” деген сөз
"Мосоо” болуп жүрөт биринде.

Мына ушундайдын бири–
Айдаркулов Саадат.
Биздин Саадат.
Башкалар күндөп өссө,
Бул "өстү” сааттап.
"Мына бул тамга– "Ың”
Куйрук коюлуп жазылары чын”–
Деди "айкындап”.
Аспирантураны бир айда аттап,
Эң эле бат,
Боло түшкөн,
Илимге кандидат.
Биздин Саадат,
Ырас, билет кат.
Бирок, оордук кылат
Кандидат
Деген ат.
Антпесе,
Дагы алга жылат эле го
Адымдап?!
Он жылдап,
Ордунда турат,
Эскирди го
Бул кандидат,
Эң көп басып эңилчек, дат?!
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1464 | Рейтинг: 0.0/0