МИДИН АЛЫБАЕВ. ШАРКЫРАТМА
Үшкүртөт, үлп этпейт жел. Ысык аптап… Июлдун лапылдаган күнү кактап, Оозго тил күрмөлүп, деле батпай, Шилекей такыр кургап таңдай так-так. Ич жалын, боргулданып жетип бардым, Тарткылап мобу турган биздин тоо жак. Сан жетпейт самсаалаган жалбыракка, Коюлган айрым жыгач аркыл атка. Түгөнбөй көк кашка суу куюп турат, Аскадан мойнун созуп артылат да. Миңден бир касиети капчыгайдын, Капырай ушул тура шаркыратма. Чечиндим жонду тоздум мен да үн коштум "Ичикий… шаркыратма калтыратпа! Ичикий… шаркыратма калтыратпа! Ичикий кетким келди ысык жакка Ысык-суук кээде жакпайт адамзатка…”
| |
Просмотров: 2117 | |