МИДИН АЛЫБАЕВ. СӨН-КӨЛ
Шарпылдап шаңы чыгып толкуп ташкан, Жээгине жайкай түшүп көбүк чачкан. Ай Соң-Көл! Кызыгыңды унутамбы? Калдайган колхоз малы баш адашкан. Тамшаткан тамашаңдан чыккым келбей Тарыхта тагы калган Тулпар таштан. Кылааңда кымыз ичип өмүр сүрсөм, Кыз-келин аймалашып ойноп күлсөм. Суугуңа, ысыгыңа ыраазы элем, Жай-кышы жан-жакаңда жашап жүрсөм. Картайып жедеп жашым жеткен кезде, Жаныңдан жайын тапса менин мүрзөм. Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап, Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап, Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды, Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап. Берилип, куштар болуп, жедеп сага, Кээде, шат, кээде мени алат санаа. Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан, Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана… Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап, Мелтиреп кадимкидей көктү карап, Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин, Болжошту айтыш кыйын атаганат… Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да, Эскирген сары кагазда ырым калат. Тынчыбай ойго кеттим удургудум, Калкыгын үстүңдөгү булутуңдай, Элесиң эске түшсө, элжиретсе, Канткенде кайрат кылам улутунбай. Бул ырды жаздым Соң-Көл калсын үчүн, Карааның көз алдымдан унутулбай.
| |
Просмотров: 3163 | |