МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖАЙКЫ ЖАМГЫР
Мен десе, ыргып турган алтын, жеңе: Эсиңде бир кызык кез калган беле? Эмесе эстетейин элестеткин, Үшкүрбө, улутунба! "ырас чын” де! Көк конуш, көбүргөн бел кең Суусамыр. Ак жаздык чыканактап мен жазган ыр, Кылгырып кымыз сунуп, тик карабай Ээн үйдө олтурганың эсте бардыр… Көңүлдү көтөрүлтүп, сүрөп коштоп, Жабыктан жаагын жанган жайкы жамгыр… Көк конуш, көбүргөн бел, кең Суусамыр, Биздин үн, кээде күлкү, кээде шыбыр, Кылчайып ушул кырдаал келеби–деп Айтылып аягы жок, түгөнбөс сыр. Кадимки камбаркандын күүсүн чертип, Үзүктөн үнүн кошкон жайкы жамгыр. Ал кезди кантип жеңе унутайын, Бүт бойдон көкүрөктө турат дайым. Ошондо мага нечен кыналдың го, Чагылган улам чарт-чурт эткен сайын. Бир гана сен түшүндүң, мен түшүндүм, Жамгырдын, чагылгандын маани-жайын. Көк конуш, көбүргөн бел, кең Суусамыр. Көшүлүп малга толуп өзөн, адыр, Жан сергип, көк силкинип, көркү чыгып, Канчалык касиеттүү жайкы жамгыр. Төл аман, малың семиз болгон үчүн, Баягы сен сыйлаган так ошол жыл.
| |
Просмотров: 1836 | |