МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн? Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн, Кайырчыдай каранамын жалдырап, Алтын айтчы, качан сенден түңүлөм?.. Бүт ээледиң жүрөгүмдү бийледиң, Тамтаңдаттың такыр колго тийбедиң. Анда-санда жылмайгансып коесуң, Же шылдыңың, же чындыгың билбедим…
| |
| Просмотров: 5273 | |