Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. АДАМГА
Адамды адам меймандап,
Сыйлайт экенсиң,
Жакын жолдош-жорону
Жыйнайт экенсиң,
Жакшы тилек ак ишти
Кыйбайт экенсиң.
Ак дасторкон үстүндө
Чын ниет менен досуңду
Жегин муну, ичкин деп,
Кыйнайт экенсиң,
Ошентсең да өмүргө
Сыйбайт экенсиң.
Кара жердин түбүнө
Бириңди-бириң жашырып,
Ыйлайт экенсиң.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 6795 | Рейтинг: 1.9/25