Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ТИРҮҮЛҮК
Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин;
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?
Кайдан чыгып, качан келдим бул жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин,
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем, анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе
экен,
Кант жедимби, бал жедимби билбеймин.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 3446 | Рейтинг: 0.0/0