АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МЕН КЫРГЫЗДЫН АКЫНЫ
Ким берсе да жакшы берген бактымды, Ким койсо да жаман койгон атымды, Ушакчыдан: не кылам деп сурасам, –Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымы? Чайга салып жутар кезде: Заар тилин куйкалачуу Мен кыргыздын акыны! Карлуу күнү берсе керек бактымды, Аяз күнү к ойсо керек атымды. Ичи арамдан: не кылам деп сурасам, Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымы? Кантка салып жутар кезде: Кара көңлүн куйкалачуу, Мен кыргыздын акыны!
| |
Просмотров: 7115 | |