Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖАЙДЫН КЕЧИ
Манаттай асман кызарып
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме
Чамынып аккан дайрадан
Муңайым тартып угулат
Булбулдун үнү сайраган.

Жалбыздын жыты буруксуйт
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кыналат гүлгө көпөлөк
Кыз менен жигит жаткандай.

Үргүлөп тоолор баратат,
Уйкуга батып алсырап,
Карагай башын көрүүдөн
Карарган күүгүм жашырат
Токтой тур, курбум, токтой тур
Чолпон да чыгар чачырап!
1939-ж.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 4644 | Рейтинг: 5.0/1