КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. МАНАС КҮМБӨЗҮ
Сай-сайдан чымырканып кулатып таш, Омкоруп кедергини кылган талаш. Башталып Ала Тоодон Чүйгө карай Күзгүдөй суусу тунук агат Талас. Таластын так боюнда чоң күмбүз бар Көргөнгө ой түшүргөн кайгы аралаш. Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө Коюлган өткөн күндө баатыр Манас. Күмбөздүн салынганын кандайчалап, Болгонун нечен жүз жыл мурун эбак. Манастын эл бакканын, эл чапканын Кимдигин, кандайлыгын чын аныктап, Мурун да окуучуга сүйлөп берген Айлана дубалына жазылган кат. Бул кундө ырахымсыз жат колунан Мурунку жазуу, сызуу түшкөн урап. Али да турат күмбөз таңыркатып, Көргөндү ойлондурат көңүлүн тартып. Алыста көрбөгөндү даңкы менен Өзүнө куса кылат кумардантып. Эрте-кеч тоонун жели жомок кылып, Күмбөзгө толуп жаткан сырлар айтып. Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөйт, Уйкуда жаткан эрди кайраттантып. Ала-Тоо асман менен деңгелдешип, Көтөрүп көкүрөгүн, бой тирешип. "Манасым эр ичинде экилтик” деп Талашат Айга, Күнгө теңештирип. Капчыгай, бийик зоока, чер карагай Күмбөздүн күзөтүшөт кезектешип. Жылгадан туйлап аккан тунук булак Манастын сөзүн кылат маектешип. Элинин эт жүрөгү жараланып, Эбакы өткөн күндүн изин чалып; Ырчысы ырга кошуп атын жаттайт, Комузчу күңгүрөнүп күүгө салып, Уулу зар болгон күнүн сүрөттөсө, Жашынын каны кызыйт, ичи жанып. Какшаган комуз менен, муңдуу ыр менен Жоктошот эр Манасын эсине алып. Сай-сайдан чьшырканып, кулатып таш, Омкоруп кедергини кылган талаш. Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай, Күзгүдөй суусу тунук агат Талас. Таластын так боюнда чоң күмбөз бар, Көргөнгө ой түшүргөн кайгы аралаш. Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө Коюлган өткөн күндө баатыр Манас… 1924 жыл.
| |
Просмотров: 3621 | |