Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Среда, 25.06.2025

ИТТИН ДООЛДАЙ ТИКТИРЕМ ДЕГЕНИ (тамсил)
Кыш чилдеде курудум,
Үнүмдү баспай улудум.
Бул жүргөнүм кеп эмес,
Бул иш мага эп эмсс.

Жадырап жайнап жаз болсо,
Байга жалчы жүрөйүн,
Байдын коюн кайтарып,
Бир доолдай1 чепкен киейин.

Жакшыраак байга барайын,
Акымды бүтүн алайын.
Доолдай кийип жасанып
Оокаттын жайын карайын.

Саратан өтүп кыш болду,
Жаткан жерим муз болду.
Бул жорукка көнбөйүн,
Музда жатып өлбөйүн.
II
Ал аңгыча кыш өттү,
Жадырап жайнап жаз өттү,
Ит унутту айтканын,
Кышында музда жатканын.

Тилин салып акактап,
Көлөкө жерди качырат,
Доолдай чыккан эсинен,
Көлөкөгө жашынат.

Түлкү итке кеп айтат,
Түшүнсүн деп бек айтат:
–Кышында айткан доолдай,
Бүттүбү итим?–деп, айтат.

Түлкүм, мага жүн гана,
Чыга турган үн гана?
Ал чепкенди кылгын — деп,
Айта турган тил гана?

Чепкен чыгып эсинен,
Керилип жатып алыптыр,
Жалкоонун жайы ушундай,
Жайкалып уйку салыптыр.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 9089 | Рейтинг: 1.0/1