Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Среда, 25.06.2025

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ТЕРМЕ
Өтүп кеткен ишиңдин
Артынан бекер өкүнбө.
Көтөрүлүп көп сүйлөп,
Учураба кесирге,
Таш чапкандай кетилбей.
Ар ким ойлойт жакшылык,
Талаптуу ишке жетүүгө.
Кайраттуу болоор жигиттин
Оту болот көзүндө.
Айткан кебин орундап,
Туругу болот сөзүндө.
Кыргыз эмес, кытай да
Жетет го балдар баркыңа,
Одоно сүйлөп кеп айткан,
Обу жок адам көп болот
Орунсуз жерге көп кирип,
Ушунча журтка кеп болот.
Туура жүрбөй, кыйшаңдап,
Туугандан алыс чет болот.
Сыртыңдан түзөп кеп айтып
Душманга сырын алдырбайт.
Жакшы көрүп жолдошун
Жамандык ишке бардырбайт.
Азамат болсоң, жигиттер,
Туура сүйлө кебиңди.
Келтирбегин жаныңа,
Кесири тийчү арамды.
Бөлөксүнүп сыртыңдан
Байкап жүрөт чамаңды.
Андай бузук адамдар
Ага-иниден жат кылып,
Ачып коёт араңды.
Көз карашы бузулуп,
Түзүк айтпайт саламды.
Үйүп коёт башыңа
Пайдасы жок залалды.
Сөз айтсаң жооп бербеген —
Арамдыктын белгиси.
Орой болсоң таркылдап —
Наадандыктын белгиси.
Ынтымагың болбосо,
Жеңе албайт жоону бир адам.
Өлөңдүү жерде са болот,
Өлчөмү менен дайрага
Өрдөк менен каз конот.
Өткүрөм сүйлөп кеп айтсаң
Өлгөнчө кектеп, унутпай,
Өз тууганың кас болот.
Ушакчы болгон жигиттин,
Урматы болбойт элине.
Уурдап кепти ташыган
Уяты чыгат бетине.
Кыялың, оюң түз болсо,
Каптаган душман ала албайт,
Тилектеш болгон миң адам.
Көптүк кылба жалгызга,
Көп тийбегин байкушка.
Чоңдук кылба жалгызга,
Чоң сүйлөбө байкушка.
Колдон келсе тартынбай.
Кайрылгыла карыпка.
Карыптын тиет пайдасы,
Чыгарсаң, балдар, жарыкка.
Акылы жок боз бала
Уурулукка айланат.
Туура жүрбөй түз жолго,
Арамдык ишке жалданат.
Арамдык кылган кишинин
Аягы жипсиз байланат,
Кармалган ууру ушул деп,
Кара малча айдалат.
Арамза жигит бузуктун,
Алдоосуна кирбегин.
Ал бузуктар көрө албайт,
Ак май чайнап жүргөнүң.
Далай түркүн адам бар,
Тамаша кепти сүйбөгөн.
Жамандык жасап ичинен
Жакшылык ишке күлбөгүн.
Ала көөдөн андайлар
Адамдын жайын билбеген.
Жаман адам көпкөндө,
Жакшыны көзгө илбеген.

ӨМҮР
(үзүндү)
Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.

Кызыл оңбос болсочу,
Кыз бурулбас болсочу,
Көгөргөнү чын болсо,
Гүлдөр соолбос болсочу.
Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу,
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.

Чөп куурабас болсочу,
Көз тунарбас болсочу.
Кызыл жүзү бозоруп,
Кыз кубарбас болсочу.

Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу,
Кайран жанды кол менен
Жасап алар болсочу.

Өзөнгө элим толсочу,
Өмүр өтпөс болсочу.
Жашка ажал келбес болсочу,
Жакшы адам өлбөс болсочу.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 2058 | Рейтинг: 0.0/0