БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЖАКШЫ КЫЗ
Сайраган жайкы булбул — Гүлдүн көркү. Жаркырап жайнаган кыз — Үйдүн көркү. Жазында жайкалган чөп — Дөңдүн көркү. Сулуу кыз суктандырган — Төрдүн көркү. Далида сындап өргөн Кара чачы. Маңдайга келишимдүү, Калем кашы. Жакшы кыз — жайкы таңдай, Үйдүн куту. Аңкыган гүлбурактай — Кыздын жыты. Берметтей жаркыраган Катар тиши. Келтирип сайма саят — Онун иши. Ыракмат айтып кетет Көргөн киши. Ак бетке жарашыктуу Кошмок калы. Көз артат көрүп калган Жандын баары: Болот деп тагдыр буйруп Кимдин жары? Оймоктой оозун кара Майин күлгөн. Чолпондой көзүн кара Таңда күйгөн. Бир күлсө, сүйүнчүгө Берер элем Кетсе да, өмүр бою Тапкан дүйнөм. Жакшы кыз — эне-атанын Ырыскысы, Турмуштун тунук, таза Уюткусу! Уккандар жалган дебес Ырымды ушу.
| |
Просмотров: 2845 | |