МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БУУДАЙЫК
Мурунку өткөн заманда, Жан-жаныбар аманда, Жаныбек аттуу хан болгон, Ар түлүккө шай болгон. Ошо хандын тушунда Кара Төлөк саятчы Кушка тилмер жан болгон. Саятчы Төлөк тилмериң Бир түнү жатып түш көргөн, Түшүндө жакшы иш көргөн. Эртең менен болгондо Энесине сүйлөгөн : — Түндө жатып түш көрдүм, Өзүмө жакшы иш көрдүм. Токойду көздөй барыпмын, Токойдогу көп кендир Аны алып келипмин, Кыз-келинге ийиртип, Торду түйүп салыпмын. Көк кендир-жибек тор алып, Ак көгүчкөн тир алып, Эркин-эркин-эркин тоо, Эркин тоонун ар жагы — Телегейи тегиз тоо, Тегиз тоонун бер жагы — Айры белес, ач кайкаң, Алакандай көк тайпаң Мына ошого барыпмын. Чырпыктарды сайыпмын, Торду жайып салыпмын. Куш төрөсү Буудайык, Аны кармап алыпмын. Абалкандын Жаныбек, Ага тартуу кылыпмын. Ат баштаган бир тогуз, Аны берди бегилик. Төө баштаган бир тогуз, Муну берди бегилик. Кой баштаган бир тогуз, Дагы берди бегилик. Уй баштаган бир тогуз, Аны да берди бегилик. Сандыргалуу сандыгым Сары алтынга толтурду, Санаам менен болтурду. Көпкөк болгон көмүркөй Көп күмүшкө толтурду, Көңүлүм менен болтурду. Буларды алып жатыпмын, Бул эмне болучу? Энеке, бул түшүмдү жоручу. — Уккамын, балам, карыдан, Көптү көргөн сарыдан: Буудайык кармап алганда, Бу тапка кирбейт дечү эле. Тапка кирсе, Буудайык Колго конбойт дечү эле. Колго консо, Буудайык Туурга турбайт дечү эле. Туурга турса, Буудайык Үндөккө келбейт дечү эле. Үндөккө келсе, Буудайык Кармап алган ээсинин Төш этин оёт дечү эле, Боор этине тоёт дечү эле. Кочкул канын агызып, Көзүнө куят дечү эле. Табы катуу Буудайык Анан тапка келет дечү эле, Койгун, балам, барбагьш, Азапка мени салбагын. — Энесинин сөзүнө Саятчы бала болгон жок, Асили тилин алган жок. Кушка тилмер саятчы Көк жибектен тор алып, Көк көгүчкөн тир алып, Эркин-эркин-эркин тоо Эркин тоонун ар жагы — Телегейи тегиз тоо, Тегиз тоонун бер жагы — Айры белес, ач кайкаң, Алакандай көк тайпаң, Көк тайпаңга барганы, Төлөнү куруп салганы. Куш төрөсү Буудайык Кудайдан тилеп калганы. Нак ошол кез күндөрдө, Куш төрөсү Буудайык Тамашага чыгыптыр. Кабар салып, куштарды Бирин койбой жыйыптыр. Он ылаачын, он туйгун — Он жагында кароолу, Беш ылаачын, беш туйгун – Беш жагында кароолу, Туштап учкан турумтай, Жандап учкан жагалмай, Кырдап учкан кыргыйек, Туу көтөргөн тазкара, Туу белгиси каркыра. Эшик ага бүркүтсүң, Чындап ачууң келгенде, Жалпы кушту үркүттүң. Баарьн жьйып алды ошол, Тамашага чыкты ошол. Акда жалпаңдап учкан ак сары, Кудай алган кулаалы, Көзү кызыл бөктөргү Булар туруп кеңешет: Сай жакалай учсакчы, Сарала моюн соно алып, Муну тоют кылсакчы. Көл жакалай учсакчы, Көк ала моюн соно алып, Аны тоют кылсакчы. Кайтып чыгып келсекчи. — Макул болот, куп болот, — Баракелде, эп болот, – Деп убада кылышып, Көл жакалай учуптур. Көк моюн соно табалбай, Жалпаңдап учкан ак сары Кайрылып өйдө чыгыптыр. Айры белес, ач кайкаң, Алакандай көк тайпаң — Көгүчкөндү көрдү ошол, Качырып сала берди ошол. Торго келип чалынып, Колго түшүп калды ошол. Жакын жаткан саятчы Ыргып тура калды ошол» Келип кармап алды ошол. Ары имерип караса, Бери имерип караса, Чын Буудайык өзү эмес, Өзү турмак көзү эмес. "Буудайыктын текөөрү Темирдей болот дечү эле. Тепкени өлөт дечү эле; Канаты кайкы дечү эле, Жогдору тайкы дечү эле. Бели мекир дечү эле, Көзү чекир дечү эле. Үнү заар дечү эле, Жүнү чаар дечү эле. Куйругу кундуз дечү эле, Чабыты жылдыз дечү эле, Куйругу кучак дечү эле, Чалгыны бычак дечү эле. Бул Буудайык өзү эмес, Өзү турмак көзү эмес. Мойнун үзүп алайын, Жайып койгон торума Садага кагып салайын”, – Так ошентип, саятчы Чыгарып тордон алды ошол. Мойнун үзүп калды ошол, Садага кагып салды ошол. Жасап койгон ноочага Дагы кирип жатты ошол. Кудай алган бөктөргү Сай жакалай учту дейт, Сарала соно таба албай, Кайта келе жатты дейт. Айры белес, ач кайкаң, Алакандай көк тайпаң Үстүнөн учуп өттү дейт, Көгүчкөндү көрдү дейт, Качырып сала берди дейт. Кудай алган бөктөргү, Чалынып жатып калды дейт, Жакын жаткан саятчы Ыргып тура калды дейт, Чыгарып тордон алды дейт. Ары имерип караса, Бери имерип караса, Буудайыктын өзү эмес, Өзү турмак көзү эмес. — Кудай алган бөктөргү, Мойнуңду жулуп алайын, Жайылып турган торума Садага кагып салайын. – Ошенткенде саятчы, Бөктөргү туруп муну айтат: — Айланайын, саятчы, Кагылайын, саятчы. Мойнумду жулуп нетесиң, Не муратка жетесиң? Сенин сураганың эмне? Сенин тилегениң эмне? Сенин саптаганың эмне? — Анда Төлөк муну айтат: — Менин сураганым — Буудайык. Менин тилегеним — Буудайык. Менин самаганым — Буудайык, Менин саптаганым — Буудайык. – Бөктөргү анда жалынат: — Экөөбүз дос бололук, Кое бергин сен мени. Мен оңдой оңдой учайын, Буудайыктын оң колтук Учуп кирип барайын. Солдой-солдой учайын, Буудайыктын сол колтук Учуп кирип барайын. Машайыктын жолунан Абдан жатып тилейин. Азгырып алын келейин. Самаганың Буудайык Ээрчитип келип берейин. — Саятчы туруп ойлонуп, Бул сөздү макул көрдү ошол. «Баргын, жаныбарым» — деп, Бошотуп кое берди ошол. Зыпылдап учуп бөктөргү Буудайыкка барды ошол, Барып айтып калды ошол: — Айланайын төрө куш, Кагылайын төрө куш, Мен көргөндү көрдүңбү? Мен туйганды туйдуңбу? Эркин-эркин-эркин тоо, Эркин тоонун ар жагы — Телегейи тегиз тоо, Тегиз тоонун бер жагы — Айры белес, ач кайкаң, Алакандай көк тайпаң. Мында сарала моюн сагызган, Сандап бир жаткан көгүчкөн! Ага учуп барсакчы, Бирден-бирден алсакчы! Чала тоют болсокчу, Анан кайта чыгып келсекчи. – Куш төрөсү Буудайык Бул ишти макул көрдү ошол, "Баракелде эргул!” –деп, Калдаңдап учуп калды ошол. Айры белес, ач кайкаң, Ага жетип келди ошол. Куш төрөсү Буудайык Көгүчкөндү көрдү ошол, Токтонуп тура албастан, Качырып сала берди ошол. Көк жибектен торлорун Көңтөрүп алып кирди ошол. Ак жибектен торлорун Аңтарып алып кирди ошол. Жакыт жаткан саятчы Барып баса калды ошол, Чыгарып тордон алды ошол. Ары имерип караса, Бери имерип караса, Чын Буудайык өзү экен, Өзү турмак көзү экен. Мунун текөөрү темир турбайбы, Тепкени өлөт турбайбы. Үнү заар турбайбы, Жүнү чаар турбайбы. Куйругу кундуз турбайбы, Чабыты жылдыз турбайбы, Бели мекир турбайбы, Көзү чекир турбайбы. Куйругу кучак турбайбы, Чалгыны бычак турбайбы. Чын Буудайык өзү экен. Өзү турмак көзү экен! Кушка тилмер саятчы Баабединди көп айтып, Үйүнө алып келди ошол. Эл-журтунун баарына Кабарды катуу берди ошол. Калың түлөө кылды ошол. Абалкандын Жаныбек Ага алып келди ошол, Ат баштаган бир тогуз, Аны берди бегилик. Төө баштаган бир тогуз, Муну берди бегилик. Кой баштаган бир тогуз, Дагы берди бегилик. Уй баштаган бир тогуз, Аны берди бегилик Сандыргалуу сандыгын Сары алтынга толтурду, Санаасы менен болтурду. Көпкөк болгон көмүркөй Көп күмүшкө толтурду, Көңүлү менен болтурду. Абалкандын Жаныбек Буудайыкты алды ошол. Куш төрөсү Буудайык Колго конбой койду ошол, Колго клонсо, Буудайык Туурга конбой койду ошол. Туурга консо, Буудайык Тапка кирбей койду ошол. Тапка кирсе, Буудайык Үндөккө келбей койду ошол. Анда Абалкандын Жаныбек Калкына кабар салды ошол, "Будайыкты ким тапка келтирсе, самаганын беремин”, –деп жар салды. Анда калың элдин ичинен кунажын куйрук куу кемпир чыгып келип: — Алдаяр ханым, самаганымды берсеңиз, мен тапка киргизем, – деди хан. — Самаганыңды айт, беремин —деди хан. — Менин самаганым ушул: он беш жаштагы балага алып бериңиз, анан айтамын. Хан кемпирин тилегин орундады, он беш жашар балага никелеп алып берди. Кемпир сырды чечти: Буудайыкты ким кармаса, ошону сойгузуп, төш этинен ойгузуп, боор этине тойгузуп, канын көзүнө куйса тапка кирет, жайылып чыкканда, көзүнө эмне көрүнсө, ошону алат,– деди. Аны уккан соң, хан саятчыны чакыртты. Саятчы соерун билип, элин жыйып алып, керээзин айтты: "Буудайыкты таптоого Мени хан алпарып сойгондо, Төш этимен ойгондо, Боор этиме тойгондо, Чарайна менен чаптаңар, Булгаары менен каптаңар Отуз жолдун оозуна Оңдоп алып коюңар. Тогуз жолдун тоомуна Топтоп алып коюңар. Бейитимдин үстүнө Кош көчөттү орнотуп, Мунар кылып коюңар. Жалгыз чырпык сайдырып. Чынар кылып коюңар. Индистандан куш келсе, Мунарыма туш келсе, Куштан зая болду деп, Дуба кыльш өтөргө, Дубасы кабыл жетерге. Меке менен Медина — Бул экөөөнн куш келсе, Чынарыма туш келсе, Бата кылып кетерге, Батасы кабыл жетерге”. Саятчы сөзүн бүтүп, ханга барды. Хан саятчыны сойдуруп, Буудайыкка жем кылды. Кул төрсү Буудайык Төш этинен ойду ошол, Боор этине тойду ошол. Көзүнө канын куйганда, Тапка келип калды ошол. Тапка келбес Буудайык Абалкандын Жаныбек Алып чыгып салды ошол. Көсөө куйрук көк даңгыт Карышкыр алды Буудайык. Чагарак куйрук, чаар жон Жолборс алды Буудайык, Түндө-түндө жүгүргөн Түлкү алды Буудайык. Караңгыда жүгүргөн Карсак алды Буудайык. Тектирдеги текени Терип алды Буудайык, Куюлушта кулжаны Кууп алды Буудайык, Эңкейиште эчкини Эңип алды Буудайык. Адырдагы аркарды Аны да алды Буудайык. Бадалдагы маралды Барып алды Буудайык. Арсаң-арсаң жүгүргөн Аюу алды Буудайык. Тишин ташка бөлөгөн, Ырыскы жерден тилеген, Чөп тамырга тойбогон, Качырганын койбогон Каман алды Буудайык. Абалкандын Жаныбек Ойго салса, Буудайык Ойдон неме койбоду. Тоого салса, Буудайык Тоодон неме койбоду. Ал аңгыча болбоду, Астыңкы жак быткылдан Алтымыш айры ак бугу Арбаңдап качып берди ошол. Абалкандын Жаныбек Ага шилтеп калды ошол. Асыл куштун баласы Ак бугуга карабай, Асмандап учуп калды ошол. Караны кара саларбы, Качырып карап каларбы! Төрөнү төрө саларбы, Төмөн карап каларбы! Анан куш төрөсү Буудайык Алтындан боосун тытты ошол, Айга карап сызды ошол. Күмүштөн боосун тытты ошол, Күнгө карап сызды ошол, Көздөн кайым болду ошол, Салган күнү кечинде, Кечки салкын бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Буудайык Качып кетип калды ошол. Абалкандын Жаныбек Аңырып карап калды ошол” Жанында жигиттерине Жаныбек туруп кеп айгат: — Үңкүр ташка барыңар, Өкүрүп кайтып келиңер. Чагыр ташка барыңар. Чакырып кайта келиңер. Андан арга болбосо, Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы Тынымсейит баласы, Кушка тилмер дечү эле, Ошого кабар айтыңар, Бачым жетип барыңар, Буудайыкты издесин, Издеп барып сурасын. Таап алып бу келсе, Ат баштаган бир тогуз, Аны берем бегилик. Төө баштаган бир тогуз, Муну берем бегилик. Кой баштаган бир тогуз, Дагы берем бегилик. Уй баштаган бир тогуз, Аны да берем бегилик. Сандыргалуу сандыгын Сары алтынга толтурам, Санаасы менен болтурам. Көпкөк болгон көмүркөй Көп күмүшкө толтурам, Көңүлү менен болтурам– Абалкандын Жаныбек Бу жардыкты берди ошол, Жанындагы жигити Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы, Тынымсейит баласы, Ага жетип барды ошол, Баарын айтып калды ошол: — Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде Абалкандын колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Буудайык Качып кетип калды ошол.
| |
Просмотров: 4274 | |