МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БУУДАЙЫК (2)
Сени кушка тилмер дечү эле, Буудайык таап сен келсең, Төрт түлүк малдан тогуздан Чубуртуп санап аласың. Сары алтын менен күмүштү. Шалдыратып каласың. — Саятчынын баласы Бул жардыкты укту ошол, Кер ооз атын минди ошол, Кебез тонун кийди ошол, Күл азыкты жыйды ошол. Буудайыктын артынан Издеп жүрүп калды ошол. Атынын оозун бошотуп, Сар талаа ылдый салды ошол. Талаада аштык айдаган Дыйкандарга барды ошол: — Айланайын дыйкандар, Шамыянын шайлаган, Шайлап аштык айдаган. Ак үрөнүн чачтырган, Жердин жүзүн ачтырган. Буурусунун буктурган, Кара жерге суктурган. Кош өгүзүн байлаган, Көшүлтүп аштык айдаган. Күздүн күнү болгондо, Орогун уста таптаган, Качыраган ак буудай Башынан ылдый каптаган. Топонун тоодой жыйдырган, Кызылын кырдай үйдүргөн, Бешилигин аштаган, Кызылын асмандата таштаган. Ак улагын бакырткан, Айылдын кабын чакырткан, Көк улагын бакырткан, Көптүн баарын чакырткан, Айланайын дыйкандар, Баарың мында турупсуң! Кечээ күнү кечинде. Кечки салкын бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Буудайык качты көрдүңбү? — Андай неме билбедик, Сурай бергин, жаш бала, Буудайыкты көрбөдүк.– Ардан ары чапты ошол, Жыйналышып отурган Калың кушка барды ошол, Барып сурап калды ошол: — Котурепей коңкулдак, Кой кайтарган тоңкулдак, Ала тамак чыйпылдак, Ала карга азанчы, Кара карга казанчы, Сагызган элдин жокчусу, Коң карга элдин бокчусу, Баарың мында турупсуң. Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Буудайык Качып кетти көрдүңбү? Андай неме билдиңби? — Андай неме билбедик, Сурай бергин, жаш бала, Буудайыкты көрбөдүк. — Андан ары барды ошол. Чогулушуп отурган Чымындарды көрдү ошол. Алардан сурап калды ошол: — Кара чымын бир өзүң, Кашка чымын жолдошуң, Узун тумшук чиркейсиң Ачык күндү бүркөйсүң; Узун сары машасың, Жазынкысын болгондо, Аштыкчынын такымын Алдастатып ашайсың; Көгөн деген бийиң бар, Көк камыштан үйүң бар. Баарың мында турупсуң. Кечээ күнү кечинде, Кечки намаз бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Буудайык качты, көрдүңбү? Андай неме билдиңби? — Андай неме билбедик, Буудайыкты көрбөдүк, Сурай да берчи, жаш бала.– Андан ары желди ошол, Сагызганга келди ошол. Кушка тилмер жаш бала Сурап жатып калды ошол: Ойдо жоор көрүнсө, Ойдолотуп кубасың, Алып келип жыгасың. Оң көзүнөн оёсуң, Сол көзүнө тоёсуң. Кырда жоор көрүнсө, Кыйкаңдатып кубасың, Кыйрайтып барып жыгасың. Оң көзүнөн олуйсуң, Сол көзүнөн чокуйсуң. Арт жагыңды карасам, Келеңкер чачпак салгандай, Бут жагыңды карасам, Соору өтүк кийгендей, Сагызгандай баатыр куш, Сен да мында турасың. Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Буудайык, Буудайык качты көрдүңбү, Же кабарын билдиңби? –Андай неме көрбөдүк, Андай неме билбедик, Сурай бергин карагым. — Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы, Тынымсейит баласы Ары карай барган соң, Чакчыгайды тапкан соң: — Жаз болгондо жан бүткөн Тилин баарын туурайсың, Кыш болгондо сен байкуш Жер түбүндө куурайсың. Чакчыгайдай чечен куш, Сен да мында турупсуң. Кечээ күнү кечинде, Кечки намаз бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Буудайык Качып кетти көрдүңбү? Андай неме билдиңби? – Андай неме билбедим, Буудайыкты көрбөдүм, Издей бергин, жаш бала. — Кер ооз атты теминип, Илгери карай демигип, Калың кушка учурап, Алардан да сурады: — Жандап учкан жагалмай, Туштап учкан турумтай, Кырдап учкан кыргыйек, Он ылаачын, он туйгун — Баарың мында турасың. Беш ылаачын, беш туйгун — Бешөөң мында турасың. Туу көтөргөн таз кара, Туунун беги каркыра, Эшик ага бүркүтсүң, Чындап ачууң келгенде, Жамы кушту үркүтчүүм — Баарың мында турасың. Кечээ күнү кечиде, Кечки салкын бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Буудайык качты көрдүңбү? Андай неме билдиңби? Анда туруп калың куш: — Андай неме көрбөдүк, Андай неме билбедик, Издей бергин, жаш бала. – Деген сөздү айтышты. Андан ары желди ошол, Үпүптөргө келди ошол. — Жазгы чыккан үпүпсүң, Сайрап турган күкүксүң, Агайындуу жан элең, Экөөң мында турупсуң. Боолуу кушту качырып, Издеп жүрөм жапырып, Андай неме билдиңби? — Андай неме билбедик, Сурай бергин, жаш бала. — Ары карай жүргөн соң, Каршы алдына кез келди Чегиртке менен көпөлөк. — Жазгы чыккан эбелек, Миң бир түрлүү көпөлөк, Шиш Төбөнүн арпасын Терип жедиң, чегирке. Кош-Төбөнүн буудайын Койбой жедиң, чегиртке. Чегиртке сенде арзым бар, Чейрек арпа карзым бар – Экөөң мында турасың. Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Будайык, Буудайык качты, көрдүңбү? Андай неме билдиңби? — Андай неме бидбедик. Сурай да бергин, жаш бала. — Саятчынын баласы Сан бөлүнүп санаасы, Андан ары жүрдү ошол. Канаттуудан учкулга, Кара канат кузгунга, Кузгундарга келди ошол: – Бөрү көрсө, дос болгон, Мөөнүн берсе, кош болгон, Карсак көрсө, дос болгон, Кардын берсе, кош болгон Сен кузгунсуң, кузгунсуң, Жамы куштан учкулсуң, Сен да мында турасың. Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде, Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Буудайык качты, көрдүңбү? Андай неме билдиңби? – Андай неме билбедим, Сурай бергин, жаш бала, Жылкы ичинде аласы, Саятчынын баласы Аты болду ыргайдай, Бити болду торгойдой. Ары карай жүргөн соң, Жар боорунда жарганат, Жарганатка кез келди. Мына ошондон сурады: — Кечээ күнү кечинде, Кечки салкын бешимде, Жаныбектин колунан, Машайыктын жолунан Куш төрөсү Буудайык, Буудайык качты, көрдүңбү? Андай неме билдиңби? Андай неме туйдуңбу? Жар боорунда жарганат Жаны калбай карганат: — Буудайыкты көрбөдүм, Качкан кушту билбедим, Менин күндүз көзүм көрчү эмес, Түн ичинде көрчү эле. Тилимди алсаң, жаш бала, Төгөрөктүн төрт бурчун Төрт айланып учайын, Мединанын беш бурчун Беш айланып учайын, Көрүнсө, айтып келейин, Көрүнбөсө, кайтып келейин. Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы, Тынымсейит баласы, Ушу жерге сен жаткын.– Бу сөздү айтып жарганат, Издеп учуп жөнөдү. Төгөрөктүн төрт бурчун Төрт айланып учту эми. Учуп жүрүп жарганат Буудайыкты тапты эми: Кара тоонун боорунда, Кара үңкүрдүн ичинде, Буудайык жатат булайып, Саңоор жүнү кылайып. Жарганат көрүп алды ошол, Кайта жолго салды ошол, Салып жетип келди ошол, Балага келип айтты ошол: — Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы, Тынымсейит баласы, О, сүйүнчү, сүйүнчү! Айткан сөзүм туюнчу! Кара тоонун боорунда, Кара үңкүрдүн ичинде, Буудайык жатат булайып. – Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы, Тынымсейит баласы Алла деп атка минди ошол, Кара тоо көздөй жүрдү ошол. Кара үңкүрдө Буудайык, Салып жетип барды ошол, Барып кармап алды ошол, Үйүнө алып келди ошол, Калың түлөө кылды ошол, Калкына мыктап берди ошол. Абалкандын Жаныбек Буудайык кармап келди деп, Кулагына түштү ошол. Абалкандын Жаныбек Барып алып келгин деп, Эки бирдей ак таяк «Бар!» деп жумшап ийди ошол. Алар барып, айтты ошол: — Жылкы ичинде аласы, Саятчынын жалгызы Тынымсейит баласы, Сен Буудайык кармап келипсиң. Абалкандын Жаныбек Буудайык алып келсин дейт, Биз экөөбүздү буюрду. Ат баштаган бир тогуз Муну берет бегилик. Төө баштаган бир тогуз Муну берет бегилик, Кой баштаган бир тогуз Муну берет бегилик. Уй баштаган бир тогуз Муну берет бегилик. Сандыргалуу сандыгын Сары алтынга толтурат, Санааң менен болтурат. Көпкөк болгон көмүркөй Көп алтынга толтурат, Көңүлүң менен болтурат, — Алар барып айткан соң, Саятчынын баласы Куш төрөсү Буудайык Алып жүрүп калды ошол. Абалкандын Жаныбек Ат баштаган бир тогуз Аны берди бегилик. Төө баштаган бир тогуз, Дагы берди бегилик, Кой баштаган бир тогуз, Муну берди бегилик. Уй баштаган бир тогуз, Аны да берди бегилик. Сандыргалуу сандыгын Сары алтынга толтурду, Санаасы менен болтурду. Көпкөк болгон көмүркөй Көп күмүшкө толтурду, Көңүлү менен болтурду. Буудайык алып колуна, Хан көңүлү жайланды. Бу куш төрөсү Буудайык Жапан болуп калыптыр. Тапка келсе, Буудайык Колго конбой коюптур. Колго консо, Буудайык Туурга конбой коюптур. Туурга консо, Буудайык Үндөккө келбей коюптур, Абалкакдын Жаныбек Айласы жаман кеткен соң, Саятчынын баласын Атасынча сойгузду. Төш этинен ойгузду, Боор этине тойгузду. Көзүнө канын куйгузду, Калган сөөгүн жыйгызды, Чарайна менен чаптады, Булгаары менен каптады, Атасы менен баласын Отуз жолдун оозуна — Оңдоп алып койгузду. Тогуз жолдун тоомуна — Топтоп алып койгузду. Бейитинин үстүнө Кош жыгачты сайгызып, Мунар кылып койгузду. Жалгыз чырпык сайгызып, Чынар кылып койгузду. Индистандан куш келсе, Мунарына туш келсе, Куштан зая болду деп, Дуба кылып өтсүн деп, Дубасы кабыл жетсин деп. Меке менен Медина — Бул экөөнөн куш келсе, Чынарына туш келсе, Бата кылып өтсүн деп, Батасы кабыл жетсин деп. Мунун барын бүткөндө, Тапка келбес Буудайык Тапка келип калды ошол. Абалкандын Жаныбек Алып чыгып салды ошол. Тектирдрги текени Терип алды Буудайык. Куюлушта кулжаны Кууп алды Буудайык. Эңкейиште эчкини Эңип алды Буудайык. Чагарак куйрук, чаар жон Жолборс алды Буудайык Көсөө куйрук көк даңгыт Бөрүнү алды Буудайык. Түндө-түндө жүгүргөн Түлкүнү алды Буудайык. Караңгыда жүгүргөн Карсак алды Буудайык. Тишин ташка бүлөгөн, Ырысын жерден тилеген, Качырганын кайсаган Каман алды Буудайык. Арсаң арсаң жүгүргөн Аюу алды Буудайык. Адырдагы аркарды Аны да алды Буудайык. Бадалдагы мадылды Барып алды Буудайык. Будурдагы бугуну Муну да алды Буудайык. Ойго салды, Буудайык Ойдон неме койбоду Тоого салды, Буудайык Тоодон неме койбоду. Ал аңгыча болбоду, Астыңкы жак быткылдан Алтымыш айры ак бугу Арбаңдап кача бергени. Абалкандын Жаныбек Ага шилтеп калганы. Ак бугуга карабай, Асыл куштун баласы Асмандап сызып калганы. Караны кара саларбы, Качырып карап каларбы! Төрөнү төрө саларбы, Төмөн карап каларбы! Анан куш төрөсү Буудайык Алтындан боосун тытты ошол, Айды карап сызды ошол. Күмүштөн боосун тытты ошол, Күндү көздөй сызды ошол. Абалкандын Жаныбек Ак бугуга салам деп, Асыл куштун баласы Буудайыкты качырып, Муңканьш карап калды ошол.
| |
Просмотров: 5297 | |