МАХМУД КАШГАРИ «ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ЖЫЙНАГЫНАН». АЗЫРКЫЧА АЙТЫЛЫШЫ
Түлкү өз ийнине үрсө, котур болор Кан иши болсо, катын иши калар. Куш канаты менен, эр аты менен От деген менен ооз күйбөс Инген ингиресе бото боздор. Киши сүйлөшкөнчө, жылкы кашынашканча. Балтыр битбашка чыгар Суу көрмөйүнчө өтүк чечпе. Тилиң түйгөндү тишиң чечпейт. Төөгө минип койго жашына албас. Беш кол бирдей эмес. Күндө кемтик жок, бекте кынтык жок. Ач не жебес, ток не дебес. Карга казга теңелсе буту сынар. Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат. Көккө карап түкүрсө, жүзүңө түшөр. Кулан кудукка түшсө, кур бака айгыр болор. Атан жүгү аш болсо, ачка аз көрүнөр. Эркеч эти эм, эчки эти жел. Кош кылыч кынга сыйбайт. Көсөө узун болсо, кол күйбөс. Арпасыз ат ашалбайт, аркасыз алп (жоого аттанбас) жеңе албайт. Таякчан тайбас, күбө сөзүн танбас. Экпесең өнбөс, тилебесең бербес. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабас. Кут белгиси билик.
| |
Просмотров: 1303 | |