ЖУСУП БАЛАСАГЫН. Акындарга карата мамиле
Акындар бар кызматы алардын сөз, Адамды мактайт, сөгөт тартынбай эч. Алардын тили кылыч-миздүү өткүр, Алардын ою ичке, чачтай жиптир. Уккуң келсе учкул сөз, ойду көркөм, Булардын сөзүн угуп, көңүл бөлсөң. Алардын акыл-ою деңиз сымал, Сөз бермети, гаухары өнүп чыгар. Мактаса алар кимди- алат атак, Жамандаса кимди алар- уят, азап. Достошуп алар менин жакындагын, Тилине илинбегин акындардын! Мактоого татыйм десең, акылманым, Алар менен сыйлуу бол, өзүң дайым! Сурайбы- аябастан көрсөт сыйды, Сактап кал уулуу сөздөн сыймыгыңды!
| |
Просмотров: 1824 | |