Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Среда, 25.06.2025

ЖУСУП БАЛАСАГЫН. ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КАРАТА МАМИЛЕ
Адамдын түрлөрү бар, дагы канча,
Иштери, мансабы да башка-башка!

Таанып ал арасынан дарыгерди,
Айыктырат кеселден алар элди.

Ойлосоң булар сага керектүүлөр,
Буларсыз жолуң болбойт басып жүрөр.

Сопсоо туруп кээде адам ооруп калат,
А дарыгер кеселге дабаа табат.

Оору жолдош өлүмгө, жолун туткан,
Өлүм болсо- өмүргө чексиз душман.

Дарыгерди сыйлагын, достошо жүр,
Элге керек, айтканын аткара бил.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1962 | Рейтинг: 5.0/1