« ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР.
ЭР ТАБЫЛДЫНЫН ЖАРАДАР БОЛУП ЖАТКАНДАГЫ АЙТКАНЫ -Атаңдын көрү дүнүйө, Арбыды жараат күнүгө. Агын суунун боюнда, Агарган таңды көрө албай, Арманым айтып жатамын, Айласыз караан түнүндө. Алладан жардам болбосо, Азаптуу менин үнүмө. Жер угулбайт үнүм элиме, Элим тургай жериме. Эгемден жардам болбосо, Жан кыямбы жалдырап, Ээн талаа жеринде. Айбан да болсоң жаныбар, Арчатору жолдошум. Арманын айтып эч пенде- Адамда мендей болбосун. Аталаш тууган болсо да, Арбак урган куу как баш, Кудайназар оңбосун! Жаратым кетти чабылып, Ашыгымдын шишиги, Алача белге жабылып. Жанымдагы чалапты, Алып ичер дарман жок, Ээн талаа, ирме чөл, Жалгыз калар мен белем. Аймагымдан айрылып, Элдияр качан келет деп, Эки көзүм таңылып, Эсим ооп турганда, Эч көрө албай зарылып. Атаңдын көрү дүнүйө, Эл ичинде мен болсом, Тегеректеп турбайбы Эс алдырып жалынып, Энекем байкуш турбайбы. Мойнуна курун салынып, Кең Нарындын боюнда, Кечүү токой оюнда, Калың бадал түбүндө Кара суунун четинде. Керээз айтып калам деп- Кирбеген менин оюма. Кыймылдарга чамам жок, Кубатым калбай боюма Катаган биздин эл кана. Кара-Тоо коргон жер кана? Кырк жигит Эрмек дос кана. Кыйналган жалгыз жаш бала, Эрмек болор киши жок. Ээн жатам талаада. Чымырканып алайын, Чындап кайрат кылайын, Чымындай жаным чыкканча Чыңалган шишик жарага, Чыдагансып турайын.
| |
Просмотров: 3223 | |